Марал Радиосу

Президент Кытайдын экс-өкмөт башчысынын өлүмүнө байланыштуу көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын (КЭР) төрагасы Си Цзиньпинге КЭРдин Мамлекеттик Кеңешинин мурдагы премьери Ли Кэцяндын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жолдоду.

«Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин экс-Премьери Ли Кэцяндын мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Ли Кэцян мырза татыктуу өмүр жолун басып өттү жана өзүнүн талыкпаган эмгеги менен Кытай Эл Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө олуттуу салым кошту.

Ал жогорку мамлекеттик кызматтарда турган мезгилде кыргыз-кытай достук кызматташтыгын бекемдөөгө абдан зор эмгек сиңирген.

Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан маркумдун туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын бөлүшөм»,- деп айтылат телеграммада.

Белгилей кетсек, Кытайдын өкмөт башчысы Ли Кэцян кечээ, 27-октябрдын таңында жүрөгү кармап каза тапкан.