Марал Радиосу

ШКУ жыйыны: Ирандын вице-президенти Израил-Палестина маселесин көтөрдү

Ирандын биринчи вице-президенти Мохаммад Мохбер ШКУнун Бишкектеги жыйынында Израил-Палестина жаңжалы темасын көтөрдү.

Мохаммад Мохбер эки өлкөнүн ортосундагы чатакты дүйнөдөгү маанилүү маселе деп атап, ушундай кырдаалда жолугушуу болуп жатканына токтолду.

«Биздин иш-чара Газа секторунун корголбогон жана эзилген эли суусуз жана тамак-ашсыз калган учурда өтүп жатат. Ал мыкаачылык менен кол салган. Суу, тамак-аш, дары-дармек, электр энергиясын тосуу адамзатка каршы кылмыш болуп саналат», — деди.

Иран бул жолку жыйынга ШКУнун толук мүчөсү катары алгачкы жолу катышып жатат.

Бишкекте ШКУ өкмөт башчыларынын кеңеши башталды