Марал Радиосу

БУУ Ооганстанга 14,4 млн доллар бөлүүнү сурады

Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку комиссарлыгы Ооганстандын батышындагы акыркы жер титирөөдөн жабыркагандарга жардамды көбөйтүү үчүн 14,4 миллион доллар бөлүүнү сурады. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди.

Герат провинциясында жүз миңдеген адам жабыркап, чукул жардамга муктаж экени айтылды. Арты-артынан болгон жер титирөөлөрдүн натыйжасында миңден ашуун адам каза болуп, миңдеген адам жарадар болгон. Бул сандар дагы көбөйө бериши мүмкүн.

БУУнун Качкындар боюнча комиссарлыгынын өкүлү Евгений Бюн кыштын суук айларын утурлай баш калкалоочу жайлар, жылыткычтар, ашкана блоктору, таза суу, тамак-аш жана жылуу кийимдер керек. Жер титирөөнүн кесепеттеринен аялдар жана балдар эң көп жабыр тартышты.

Ооганстандын батышында төрт күн аралыгында эки чоң жер титирөө катталып, 1300дөн ашуун адам набыт болду. Бириккен Улуттар Уюму зилзала ондогон жылдардан бери токтобой келген согуштан чарчаган элди катуу алсыратканын белгилеп, муну «кырсык үстүнө кырсык» атады.

Ооганстанда жер титирөөдөн кыйраган үйлөр жана тургундар (сүрөт)

Exit mobile version