Бүгүн, 29-сентябрда Нарын шаарында бажы кызматкерлерине мамлекет тарабынан курулган кызматтык үйлөр берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, 4 кабаттуу 32 батирлүү турак үйдүн курулушу 2021-жылы декабрь айында башталган. Жалпы сметалык баасы 97,3 млн сомду түзгөн.
Турак-жайдын ачылыш аземинде президенттин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешов, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков куттук айтып, үйлөрдүн ачкычтарын тапшырышты.