Марал Радиосу

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тарапташтары президентке кайрылышты

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын тарапташтары президент Садыр Жапаровго ачык кат жолдошконун «Фейсбук» баракчасына жарыялашты.

Кайрылууда саясий куугунтукту токтотууга чакырык жасалып, негизги беш талап коюлган:

1. Жогорку Кеңештин «Бүтүн Кыргызстан» парламенттик фракциясынын лидери А.К.Мадумаров мыйзамсыз камалганына байланыштуу камактан токтоосуз бошотулсун;

2.Биздин тарапташтарыбыздын баарына жана журналисттер менен активисттерге каршы негизсиз камоолор, козголгон кылмыш иштери толук токтотулсун;

3. Жарандардын маалымат алуу жана репрессиялардан коркпостон өз пикирин билдирүү мүмкүнчүлүгүн берүү аркылуу ЖМК эркиндиги камсыз кылынсын;

4. Улуттук телерадиоберүү компаниясынын (УТРК), ЭлТР телерадио компаниясынын, облустук телерадио компаниялардын жана башка телеканалдардын айрым жарандарды жана саясий лидерлерди системалуу түрдө каралоосу тез арада токтотулсун ;

5. Адам укуктарынын бузулушу, анын ичинде куугунтук жана саясий репрессиялар боюнча көз карандысыз иликтөө жүргүзүлүп, күнөөлүүлөр адилет сот жообуна тартылсын.