Марал Радиосу

Каныбек Иманалиев билим берүү министри кызматынан бошотулду

Каныбек Иманалиев билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Президенттин администрациясы кабарлады.

Каныбек Иманалиев тапшырылган эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн кызматтан бошотулганы кабарланды.

Иманалиев бул кызматка 6-мартта дайындалган.

Кыргызстанда окуу жылы башталганда мектептерде окуу китептеринин жетишсиздиги катуу талкуу жаратты.

Жазуучу, журналист, саясатчы Каныбек Иманалиев 54 жашта. Ал 1993-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин, 1998-жылы Орусия мамлекеттик кызмат академиясын саясат таануу адистигинде аяктаган.

2002-жылы Орусия мамлекеттик кызмат академиясында кандидаттык диссертациясын, 2010-жылы Орусия Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык академияда докторлук диссертациясын жактаган.

1992-1994-жылдары «Асаба» гезитинде кабарчы, 1996-1999-жылдары Президенттин басма сөз катчысы, 1999-2004-жылдары «Учкун» акционердик коомунун директору сыяктуу кызматтарды аркалаган. 2000-жылдан бери Жогорку Кеңештин төрт чакырылышына депутат болгон.

Депутаттар Эрулан Көкүловдун министрликке барганын колдошту