Мураталы Тагаев Бишкек шаарынын Ленин районунун акими кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.
Мураталы Тагаев быйыл 31-мартта Ленин районунун акими болуп дайындалган. Ага чейин Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун акими кызматын аркалаган.