Марал Радиосу

Депутат Жусупов «Эмаком» курулуш компаниясынын батирлери боюнча үн катты

Жогорку Кеңештин депутаты Эмилбек Жусупов «Эмаком» курулуш компаниясынан батирлерин ала албай жаткан жарандар боюнча айтылгандарга жооп берди. Ал аталган курулуш компаниясын башкаларга өткөрүп бергенин, батирлерин алар албай алданып калгандарга тиешеси жок экенин билдирди.

Депутат саясатка келгенден кийин чарбалык, каржылык, курулуш иштерин юридикалык жол менен өткөрүп бергенин айтты.

“Мен тапшырып берген адамдардын көбү жарандарыбыздын укуктарын бузуп, курулуш үйлөрдү сатып, каржы каражаттарын коротуп өз кызыкчылыктарына пайдаланып кетиптир. Мен жеке өзүм укуктун алкагында кийлигишип, мыйзам чегинде юридикалык баа берилсин деп укук коргоо органдарына кайрылып, тиешелүү адамдардын жоопкерчиликтерин карап берүү максатта кагаз иретинде кайрылганбыз. Азыркы учурда кылмыш иши козголуп, толук кандуу мыйзам чегинде чара көрүүсүн талап кылып жатабыз. Ошондуктан бардык мага карата айтылган сөздөр чындыкка дал келбейт. Мен жогорудагы айткан сөздөрүмдү юридикалык кагаздар менен далилдеп берүүгө даярмын” , — деди депутат.

14-июлда Бишкек шаарынын жашоочулары маалымат жыйын өткөрүп, бир нече жылдан бери «Эмаком» курулуш компаниясынан батирлерин ала албай жатканын айтышкан. Алар компаниянын жетекчилигин жоопкерчиликке тартууну талап кылышкан.

Эмилбек Жусупов Жогорку Кеңештеги «Ишеним» фракциясынын депутаты. 2017-2018-жылдары – «Эмаком» ЖЧКнын башкы директору болгон. 2018-2021-жылдары  – «Эмаком Холдинг» холдингинин президенти болгону Жогорку Кеңештин сайтында көрсөтүлүп турат.