Марал Радиосу

Жалал-Абадда жер титиреди

Жалал-Абад облусунун аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Сейсмология институтунан кабарлашты.

Жер титирөө бүгүн саат 03:08де катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Сузак районунун Таралча, Канжыга айылдарында — 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.