Марал Радиосу

Кыргызстандын элчиси тажик министри менен миграция маселесин талкуулады

Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаев Душанбе шаарында Тажикстандын эмгек, миграция жана калкты иш менен камсыз кылуу министри Гулнора Хасанзода менен жолугушту.

Кездешүү 6-июнда өтүп, анда кызматташтык, анын ичинде миграция чөйрөсү, Кыргызстан жарандарынын Тажикстанда жүрүүсү жана башка маселелер талкууланган.

Эрлан Абдылдаев Кыргызстандын Тажикстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп 2022-жылы апрелде дайындалган.

Ага чейин Кыргызстандын Германиядагы элчиси кызматын аркалап келген. 2012-жылдан 2018-жылга чейин тышкы иштер министри болгон.