Марал Радиосу

Президент Жапаров Катардын эмири менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт

Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев  6-7-июнда Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад ал-Тани Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келерин кабарлады.

Буга чейин «Марал» Катардын Кыргызстандагы элчилигине таянып, Катардын эмиринин мамлекеттик сапары жөнүндө жазган.

Сапардын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров шейх Тамим бин Хамад ал-Тани менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Мамлекет башчылар кызматташтыктын учурдагы маселелерин, аны өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашат.

Сапардын жүрүшүндө бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландаштырылууда.