Марал Радиосу

Бишкектеги турнирде Кыргызстандын эркин күрөшчүлөрү 9 медаль алды

Бишкек шаарында өткөн Каба уулу Кожомокул жана Раатбек Санатбаев дүйнөлүк рейтингдик турниринде Кыргызстандын эркин күрөш боюнча балбандары 3 алтын, 2 күмүш, 4 коло медаль алышты.

Кыргызстандын эркин күрөш командасынан 10 салмак категориянын 9 категориясында жалпы 19 балбан катышкан.

Алтын медаль:

Алмаз Сманбеков (57 кг)

Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг)

Орозобек Токтомамбетов (70 кг)

Күмүш медаль:

Бекзат Алмаз уулу (57 кг)

Алибек Осмонов (65 кг)

Коло медаль:

Абдымалик Карачев (61 кг)

Икрамжан Хажимуратов (65 кг)

Эрназар Акматалиев (70 кг)

Адилет Маратбаев (79 кг)

Кыргыздын даңазалуу балбандары Каба уулу Кожомкулдун, Раатбек Санатбаевдин элесине арналып уюштурулган дүйнөлүк рейтингдик мелдеш кечээ, 4-июнда жыйынтыкталды. Ага 36 мамлекеттен 600гө жакын балбан катышты.

Турнирди Кыргызстандын күрөш федерациясы Дүйнөлүк күрөш уюму менен биргеликте өткөрдү.