Марал Радиосу

Эрдоган Түркия Өкмөтүнүн жаңы курамын жарыялады

Түркиянын кайрадан шайланган президенти Режеп Тайып Эрдоган Министрлер кабинетинин жаңы курамын жарыялады.

Түрк басылмаларынан алынган маалыматка караганда, саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа менен маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой мурдагы ордунда калган. Калган министрлердин баары жаңы дайындалган.

Айта кетсек, Режеп Тайып Эрдоган 28-майда өткөн экинчи турда Түркиянын президенти болуп шайланган. Кечээ, 3-июнда ант берип, кызматына расмий киришкен. Ант берүү салтанатына Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да катышкан.

Жапаров Эрдогандын инаугурациясына катышты (сүрөт)