Марал Радиосу

Кара-Балта шаарында «Голден Магнат» ишканасынын кампасы өрттөнүп кетти

Жайыл районунун Кара-Балта шаарындагы өнөр жай ишканасынын кампасы өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

«Голден Магнат» ишканасынын төрт кабат имараты өрттөнүп жатканы тууралуу маалымат Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кечээ, 3-майда саат 22:16да түшкөн.

Жерине саат 22:18де ӨКМдин Кара-Балта шаардык жана Жайыл райондук бөлүмдөрүнөн эки бригада барып, өрттү 23:38де чектөөгө алган. 4-июнга караган түнү саат 2:00дө толук өчүрүлүп бүткөн.

Төрт кабат имараттын биринчи-экинчи кабатындагы кампа өрттөнүп кеткен. Ишкана жетекчисинин айтымында, кампада 300 кг селитра, 1000 кг каустикалык сода болгон.

Кырсыктан жабыркагандар жок экени, учурда өрттүн чыгуу себептери иликтенип жатканы айтылды.