Марал Радиосу

Бишкектеги күрөш боюнча турнирде Мээрим Жуманазарова коло медаль алды

Бишкек шаарында өтүп жаткан Кожомкул Каба уулу жана Раатбек Санатбаев атындагы дүйнөлүк рейтингдик мелдеште Мээрим Жуманазарова коло медаль тагынды.

Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер күрөшү боюнча 68 кг салмакта килемге чыккан. Алгачкы атаандашы казакстандык Елена Шалыгина менен 1:1 эсебинде тең чыгып, акыркы аракетти жасаганы үчүн кыргызстандык балбан жарым финалга өткөн.

Жарым финалда монголиялык Делгермаа Энцайцанга 2:1 эсебинде утулуп калган.

Коло медаль үчүн беттеште канадалык Оливиа Грейж ди Бассону 2:1 эсебинде утуп алды.

Дүйнөлүк күрөш уюму менен Кыргыз күрөш федерациясы уюштурган рейтингдик турнир борборубуздагы Bishkek Arena спорт комплексинде өтүп жатат. 1-июнда башталган беттештер 4-июнда жыйынтыкталат.