Марал Радиосу

Бишкектеги күрөш боюнча турнирде Бексултан Назарбаев коло медаль алды

Бишкек шаарында өтүп жаткан Кожомкул Каба уулу жана Раатбек Санатбаев атындагы дүйнөлүк рейтингдик мелдеште Бексултан Назарбаев коло медаль тагынды.

Бексултан Назарбаев грек-рим күрөшү боюнча 82 кг салмакта килемге чыккан. Алгачкы атаандашы өзбекстандык Мухаммадкодир Расуловду 5:1 эсебинде утуп, жарым финалга өткөн. Жарым финалда түркиялык Алперен Берберге 9:1 эсебинде утулуп калган.

Коло медаль үчүн беттеште өзбекстандык Нурбек Кашимбековго бет келип, аны 5:4 эсебинде утуп алды.

Айта кетсек, бул жолку турнирде Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча балбандары 3 коло медаль алды.

Дүйнөлүк күрөш уюму менен Кыргыз күрөш федерациясы уюштурган рейтингдик турнир борборубуздагы Bishkek Arena спорт комплексинде өтүп жатат. 1-июнда башталган беттештер 4-июнда жыйынтыкталат.

Күрөш боюнча эл аралык мелдеш: Махмудов менен Кадыров коло байге утту