Марал Радиосу

Депутат: Дыйкандарга көрсөтүлгөн кызматтар кымбаттады

Калктын 80 пайызы айыл жергесинде жашаганы менен жылдан-жылга дыйканчылык кылуу оор болуп баратат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Мейкинбек Абдалиев парламенттин 25-майдагы жыйынында айтты.

Депутат буга айыл чарба техникалары, трактор кызматтары кымбаттап кеткенин мисал келтирди.

«Быйыл жер айдоо 1 гектары 4500 сомдон 5000 сомго чейин болду. Эрте жаздагы малалоо 1 гектары 4500 сом болду. Сеялка 2000-2500 сомго чейин болду. Жүгөрү эгүү 3400 сомдон болду. Жалпылап айтканда, дыйкандарга кызмат көрсөтүү аябай кымбат болуп жатат», — деди депутат Абдалиев.

Бакыт Төрөбаев: МТС системасын өркүндөтөбүз

Эл өкүлү ар бир районго бирден машина-трактор станция (МТС) ачууну сунуштады.

Учурда дыйкандар айыл чарба техникаларын банктардан насыя алуу аркылуу алышат. Депутат дыйкандар банктардын пайыздарын төлөп жүрүп, айыл чарба техникасын көбөйтө албайт деген пикирде.