Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жүргүзгөн иликтөөлөрдүн алкагында Ош шаарынын аймагында мыйзамсыз иш жүргүзгөн кумаркана бар экени аныкталды.
Алдын ала маалыматтын негизинде 27-апрелде жашыруун жай тинтилип, натыйжада 327 миң сом жана 16 персоналдык компьютер табылган. Андан тышкары мекеменин жетекчиси Ж.А. аттуу Кыргызстандын жаранынан 597 миң сом, 4800 АКШ доллары, 4000 рубль жана 4 процессор алынган.
Учурда уруксатсыз иштеп жаткан оюн жайларын аныктоо жана ага бөгөт коюу иштери уланууда.