Марал Радиосу

Быйыл да «Акыркы коңгуроого» акча чогултууга тыюу салынды

Кыргызстандагы жалпы билим берүү уюмдарында 25-майда саат 9:00дө «Акыркы коңгуроо» салтанаты өтөт. Билим берүү жана илим министринин 2022-2023-окуу жылын жыйынтыктоо жана салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү убагында бүтүрүүчүлөрдүн өмүрүнүн коопсуздугун сактоо максатында буйругу чыкты.

Салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүдө акча чогултууларга, ошондой эле бүтүрүүчүлөрдүн жана алардын ата-энелеринин катышуусунда «Акыркы коңгуроо» салтанатынан башка иш-чараларды уюштурууга тыюу салынат.

Бишкек, Ош шаардык билим берүү башкармалыктарынын жана райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери күзөт уюштурат. Мектептен тышкары жактарда өткөрүлгөн салтанаттуу иш-чараларда окуучулардын өмүрүнүн коопсуздугуна ата-энелер жооптуу болот.

Буйрукту аткарбаган билим берүү уюмдарынын жетекчилерине кызмат орундарынан бошотууга чейинки тартиптик чаралар көрүлөт.