Кыргызстандык окуучу эл аралык олимпиадада коло медаль утту. Бул тууралу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Ж.Баласагын атындагы Токмок лицейинин 11-классынын окуучусу Иван Решетников 57-эл аралык Менделеев химия олимпиадасында коло медаль тагынды.
Менделеев химия олимпиадасы быйыл 30-апрель 7-май күндөрү Казакстандын Астана шаарында өттү. Ага Кыргызстандан алты окуучу катышкан.