Марал Радиосу

Песков: Путин менен Жапаровдун кездешүүсүнө даярдык көрүлүүдө

Орусиянын президенти Владимир Путин 8-майда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен сүйлөшүү жүргүзөт. Бул тууралуу Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдиргенин орус басылмалары жазды.

«Кийинки аптанын башына даярдык көрүүдөбүз. Буга чейин 8-майда Кыргызстандын президенти Жапаров расмий сапар менен келерин айтканбыз. Орусия-Кыргызстан сүйлөшүүлөрү жүрөт. Андан соң 9-майда парад өтөт», — деген Песков.

Айта кетсек, 25-апрелде Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев Садыр Жапаров 9-май Жеңиш күнүнө карата Орусия президентинен чакыруу алганын кабарлап, өлкө башчыларынын ич ара сүйлөшүүлөрү пландалып жатканын билдирген.

Президент Садыр Жапаров расмий сапар менен Орусияга барат