Марал Радиосу

Парламентте Беларусь бажысында кармалып турган унаалар боюнча маселе көтөрүлдү

Жогорку Кеңештин 4-майдагы жыйынында бир топ депутат кыргызстандык унаа ташуучулардын 500дөн ашык автоунаасы бир канча айдан бери Беларус аймагында кармалып жатканы тууралуу маселе көтөрүштү.

Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы Самат Исабеков мындай факты бар экенин тастыктап, буга чейин эки жолу сүйлөшүүлөр болгонун айтты.

«Транспорт каражаттарынын ал жерде туруп калышынын себептери бар. Унаанын ичинен экинчи документтер табылган. Маселен, документтерде баасы 40 миң доллар турган унаа 350-500 долларга сатылып алынганын көрсөтүп, беларус бажычыларынын шектенүүсүн жаратты», — деди Бажы кызматынын башчысы.

Ал кошумчалагандай, 2022-жылы Кыргызстанга жалпы 26 миң 706 автоунаа, анын ичинен 663 электромобиль кирген.

Автоунаалар ЕАЭБ мамлекеттеринен сырткары үчүнчү өлкөлөрдөн да ташылат.

Беларусь бажысында кармалган 500 унаа. Унаа ташуучулар бийликке кайрылды