Марал Радиосу

Абактагы активист Шаменов депутаттыкка талапкер болууга арыз берди (видео)

Абактагы жарандык активист Илгиз Шаменов Бишкектин Ленин округунда өтө турган шайлоого талапкер катары арызын берди.  Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбук баракчасына жарыялады.

Ал  28-октябрда массалык башаламандык уюштурууга даярдануу беренеси менен айып тагылып, камакка алынган.

Кечээ, 26-апрелде Кемпир-Абад ишине байланыштуу камакка алынган саясатчы Равшан Жээнбеков Бишкектин Ленин округунда өтө турган шайлоого талапкер катары арызын бергендигин билдирген.

No26 Ленин округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү бүгүн, 27-апрелде аяктайт.

Добуш берүү 28-майда болот. Шайлоонун жыйынтыгы 11-июнга чейин белгилүү болот.