Марал Радиосу

Бишкектеги Горький көчөсүнө шейхтин атын берүү сунушталды

Бишкектеги Максим Горький көчөсү Шейх Заид бин Султан Аль Нахаян көчөсү деп өзгөртүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Бишкек башкы архитектура мекемесинин басма сөз катчысы тастыктады.

Анын айтуусунда, бул маселе мэриянын кароосунда талкууланып жатат.

Шейх Заид бин Султан Аль Нахаян — Бириккен Араб Эмираттарынын негиздөөчүсү жана биринчи президенти.