Марал Радиосу

Жапония Баткендеги жолдорду салууга 5,3 млн доллар грант берет

Жапониянын өкмөтү Баткен облусунда табигый кырсыктарга туруштук бере турган жолдорду салуу үчүн 5,3 миллион доллар өлчөмүндө грант бөлөт. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, гранттык келишимге Кыргызстандын каржы министри Алмаз Бакетаевдин, Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Хидэки Годанын жана Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) өкүлү Кавамото Хироюкинин катышуусунда 23-мартта кол коюлду.

«Долбоордун негизги максаты – Баткен облусунун аймагында табигый кырсыктарга туруктуу жолдорду куруу жана Борбор Азия чөлкөмүндө логистикалык коопсуздукту камсыз кылуу», – деп жазылган министрликтин сайтындагы билдирүүдө.

2022-жылы октябрда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан кийин Жапония Баткен облусу үчүн 1 миллион доллар өлчөмүндө грант бөлгөн.