Марал Радиосу

Кыргыз куткаруучулары ыкчам жана берилип иштегени менен өзгөчөлөндү

Түркиядагы жер титирөөдөн кийин издөө, куткаруу иштерине жардам берген кыргызстандык куткаруучулар «Марал» радиосунун түз эфиринде маек куруп, кандай түйшүк жана эрдик менен иштешкенин айтып беришти.

Алар — Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын куткаруу кызматынын башчысынын орун басары Эрлан Мусуралиев, министрликтин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкери Дастан Турдумамбетов.

-Бул жактан бара жатканда жер титирөөнүн масштабын кандай элестеттиңиздер эле? Чыныгы абал сиздер ойлогондон да оор бекен? Жумуш оор болдубу?

Дастан Турдумамбетов: Кыргызстандык куткаруучулар эки бөлүк менен барганбыз, мен экинчи топ менен барып калдым. Ал жакта жети күн болдум. Негизи жаңылыктардан көрүп, окуган башка, абалды жеринен көргөн башкача, оор экен. Биз Кахраманмараш аймагында болдук. Шаарга кирип баратканда эле жагдай оор экени сезилет. Шаардын 70-80 пайыз үйлөрү урап калган.

-Урандыларды тазалоо учурунда эң көп эмнени байкадыңыздар? Кыйраган курулуштарда бетондун сапаты төмөн болгон деген кептер айтылды. Сиздин байкооңузда курулуштар чыны менен сапатсыз болгонбу?

Дастан Турдумамбетов: Аны атайын адистер билет болуш керек, бирок биз ошол жерде иштеп жатып, байкаганыбызга караганда, курулуш материалдары чынында сапатсыз экенин көрдүк. Ошол эле арматура, кирпичтери бекем эмес экен. Биздеги батирлерде мисалы, парда илиш керек болсо бетондорду тешүү да оорчулук алып келет. Түркияныкын балка менен эле катуурак күч колдонсоң сындырып койчудайсың.

Бийик кабаттуу үйлөргө арматуралардын ичкелиги да туура келбейт. Бизде андай ичке арматуралар эки-үч кабаттуу үйгө колдонулушу мүмкүн.

Эрлан Мусуралиев: Биздин куткаруучулар атайын миссия менен, ушундай чоң масштабдагы куткаруу иштери үчүн чет өлкөгө биринчи жолу барып келдик. Мен көргөндөрүмдү айтып берсем, чынында кырдаал аябай оор экен. Бирок ага карабай коюлган тапшырмаларды аткардык, себеби бул жактан жалаң мыкты адистерди жиберген.

Эки-үч сменге бөлүнүп, күнү-түнү иштеп жаттык, жумуш токтогон жок. Эмоционалдык жактан да оор болуп жатты. Эң жаманы, наристелерди урандылардын астынан алып чыккандагы учур болду. Айрымдары бир туугандарын издеп жүрүшөт, бир үй-бүлө толук урандынын астында калганы бар, аларды издеген киши жок же кошуналары сурап, издеп жаттык.

Түркиянын башкы штабы менен бирге биздин башкармалыктын жетекчилери кеңешип, объектилерди бөлүп берип жатышты, ошол жерди толук издеп чыгып аттык. Жергиликтүүлөр келип, ушул жерде болжолдуу үч киши болушу мүмкүн, чыгарып берип койгулачы деп суранышат, аларды издеп жатып, башкаларын таап калдык. Кудайдын буйругу экен, тирүүлөй тапкан учурларыбыз болду.

Мисалы, 7 жаштагы баланы кырсык болгондон кийин тогузунчу күнү тирүү таптык. Ошондо жүрөктү сыздаткан сезимдер болду. Апасы биринчи үзүлүп кетиптир, анан байкеси өлүптүр, өзү тирүү калган экен. Урандынын астынан тазалап, чыгарып жатып, биринчи бутунан кармап, акырын тартканда бала ыйлап жиберди. Ошол жерде иштеп жаткан бүт куткаруулар ыйлап жибердик.

Бирок ыйлап отуруп алган да болбойт, артыбызда адамдар үмүт көзү менен карап турат, бери карап, көз жашыбызды сүртүп, анан тапшырып беребиз. Кээде ыйлаганга да жетишпейсиң, адамдардын денесин ар түрдүү абалда таап жаттык, оор болот экен.

Дастан Турдумамбетов: Мага аябай таасир берген бир окуяны айтып берейин. Кахраманмарашта бизге бөлүнгөн оъектиге барганда, бир бала келди, “ушул жерде менен атам менен апам калып калды, жардам берип коюңуздарчы” деп суранды. Издөө иштерин жүргүзүп жатсак, апасынын халаты жана жоолугу чыгып калды. Анан баланы чакырып, чын эле апасыбы деп тактасак, апасы экен, жоолугун кармап алып ыйлады…биз да көз жашыбызды кармай алган жокпуз.

-Ушундай кризистик учурду жөнгө салууда куткаруучу өзүн кандай алып журүүсү керек?

Дастан Турдумамбетов: Куткаруучу мындай учурда моралдык-психологиялык жактан бекем, күчтүү болушу керек. Оор кырдаалда өзүңдү таштап койгонго укугуң да жок. Албетте эмоцияга алдырбай кое албайсың, бирок дароо чыйралып, кайра ишти улантасың. Анткени куткаруучу ар кандай жагдайга даяр болушу керек.

-Кыргыз куткаруучуларынын артыкчылыктары жана кемчиликтер эмнеде болду? Байкалдыбы сиздерге? Себеби ал жерде бир топ өлкөнүн куткаруучулары иштеди. Мисалы, техникалык камсыздоо жагын карасак, кытайлык, израилдик куткаруучулар эң акыркы технологияларды колдонду деп айтып жатышты.

Эрлан Мусуралиев: Биринчиден биз үчүн бул иш чоң тажрыйба болду. Ооба, кемчиликтер да байкалды, өзгөчө техникалык камсыздоо жагынан. Мисалы, издөө иштерин жүргүзүү үчүн айрым аппараттар бар, ошол эле тепловизор сыяктуу. Мындай техникалар бизде жок экен, тилекке каршы. Бирок биз ага карабай жакшы жыйынтык көрсөттүк деп ойлойм.

Себеби Японияны алсак, бүт техникасы сапаттуу экен, куткаруучулары өздөрүнө бөлүнгөн объектиге келип, курчап, ары жак, бери жагынан сүрөткө тартып, техникаларын орнотуп, ушундай иштеп жатышты, бирок 12 саатта бир эле адамды чыгарышты.

Биздин кыргыздар объектинин айланасын разведка кылып эле, белгилүү жердерин каздырып, сураштырып, абалга жараша иш алып барып аттык. Кээ бир жерлерди оор техникага каздырабыз, болбосо өзүбүздүн колубуз менен эле чапкылап, бир сатта эки-үч сөөк чыгарып жаттык.

Муну көрүп, түрк эли издөө иштерине япондорду эмес, кыргыз куткаруучуларын эле киргизгилечи деп суранып жатышты.

Мисалы, кээ бир объектиде Кахраманмараштын же Хатайдын куткаруучулары менен биргеликте, үч бөлүм чогуу иштеп жаттык. Ошондо да кыргыздар кол менен, күрөк менен чапкылап жатып эле белгиленген жерге жетип калып жаттык. Кыргыздар аябай күчтүү экенсиңер десе, сүйүнүп эле иштей бердик.

Бирок негизинен техникалык камсыздоо болушу керек. Биздин жетекчилер да ошол жерде баарын анализдеп, карап жүрүштү. Көңүл бурушат деп ойлойбуз.

Дастан Турдумамбетов: Бул окуя баарына чоң сабак болду. Куткаруучулар арасында тажрыйба алмашуу, окутуу-машыгуу иштерин көбүрөөк өткөрүш керек экен.

Андан тышкары, бизде да коопсуздук маселелерине көңүл буруу, ошол эле жер титирөө учурунда өзүн кандай алып жүрүү керек, муну көбүрөөк айтып, элге жайылтыш керек. Массалык маалымат каражаттары, социалдык тармактар аркылуу же социалдык роликтерди тартса да болот.

-Түркияга жиберип жатканда кооптонуу болдубу?

Дастан Турдумамбетов: Жок, куткаруучу кызматына жөнөкөй адам келбейт деп ойлойм. Куткаруучулук – кесиптен да жогору турган нерсе. Ошол үчүн кырсык болуп калганда куткаруу иштерине барууга умтулабыз, «мен барам» деп турушат балдап, ордуңда отура албай каласың.

Мен да Түркияга ошондой ой менен бардым, колумдан келип тургандан кийин жардам беришим керек, куткарышым керек деп бардым.

Кыргызстандык куткаруучулар Түркияда 7 жашар баланы куткарды (видео)

6-7-февралда Түркияда ири кыйроолорго алып келген жер титирөө болгон. Анда жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн Кыргызстандан 120 адамдан турган атайын топ жөнөтүлгөн. Ага куткаруучулар, медиктер, кинологдор жана психологдор кирген.

Министрликтин куткаруучулары тарыхта биринчи жолу өлкөдөн сырткары куткаруу миссиясы менен чыгышты. Кыргызстандан барган куткаруучулар командасы урандылардын астынан 8 адамды, анын ичинде жаш балдарды сактап калууга, 198 адамдын сөөгүн алып чыгууга жетишкен. Андан тышкары Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги, ал жакта жашаган мекендештер колдоо көрсөтүшкөн.

Exit mobile version