Марал Радиосу

Садыр Жапаров Курманбек Бакиев тууралуу айтты

Президент Садыр Жапаров мурдагы өлкө башчылар менен болгон жолугушуу тууралуу «Кабар» маалымат агенттигине курган маегинде мурдагы президент Курманбек Бакиев тууралуу суроого да жооп берген.

Анын соттуулугу бар экенин жана 13 жылдан бери аны Кыргызстанга өткөрүп берүү боюнча Беларуска төрт жолу кайрылышканын айтты.

«Менин жолугушуум боюнча айтсам, Башмыйзамыбыз — эң жогорку мыйзам. Башмыйзамдын 66-беренесинин 2-пунктунда «президент элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигин камсыз кылат» деп милдеттендирип турат. Мен милдетимди аткарып жатам. Ал эми жоопко тартылуусу боюнча болсо, ар бир адам Кудай алдында, тарых алдында, мыйзам алдында өзүнүн күнөөсү үчүн жооп берет», — деди Садыр Жапаров.

Ал эми «Бакиевди Кыргызстанга алып келүү аракети болуп жатабы?» деген суроого президент:

«Көпчүлүк бул жолугушуу ушул максатты көздөгөнүн жазышууда. Эгер Бакиевди алып келе турган болсок, анда Дубайда эмес, Бишкекте эле чогултмакпыз да. Бакиевден башкасынын баары Бишкекке келе алат. Бакиевге соттун чечими бар. Ал келсе камакта олтурушу керек. Соттун чечимдерине баш ийишибиз керек» , — деп жооп берген.

18-февралда Кыргызстандын мурдагы башчылары Дубайда жолугушканын жана бул аракет ынтымакка чакыруу ниетинде болгонун азыркы президент Садыр Жапаров жарыялаган.

Садыр Жапаров: Алгач Атамбаев менен Жээнбековду элдештирдим