Марал Радиосу

Аскердик окуу жайга кабыл алуудагы талаптар

Аскер институтуна ЖРТнын негизинде өтсө болот. Андан сырткары кошумча сынактарды уюштуруп, физикалык жана психологиялык жагын да карап тандап алабыз. Бул тууралуу Куралдуу күчтөрдүн аскер институтунун башчысы Канагат Уразбеков «Маралдын» түз эфиринде билдирди.

«Бизге 17-21 жаштагы эркек балдар тапшырса болот. Ал эми аскердик кызмат өтөп жаткан же контракт менен окуп жаткан аскер кызматкерлери 24 жашка чейин тапшыра алат. Азыркы учурда Аскер институтунда эки тармак боюнча даярдык көрсөтөбүз. Булар мотоаткычтар аскерлери жана чек ара ишмердүүлүгү», — деди ал.

Анын айтымында, азырынча кыздардын окуусуна шарттар жок.

Ал эми Коргоо министрлигинин аскердик билим берүү жана илим башкармалыгынын башчысы Талгат Саалаев Аскер окуу жайына кабыл алуудагы этаптарды айтып өттү:

«№771 токтомдо «аскердик кызматка келерден мурун медициналык күбөлөндүрмөдөн өтүүсү керек» деген жобо бар. Бул жобону Юстиция министрлигинин жана өкмөттүн сайтынан издеп тапса болот. Биздин практикада эң көп гайморит, май таман, варикацеле ооруларынан өтпөй калышат», — деди Саалаев.