Марал Радиосу

Равшан Жээнбеков саламаттыгы начарлаганын билдирди

Кемпир-Абад ишине байланыштуу камакта отурган саясатчы Равшан Жээнбеков саламаттыгы начарлап кеткенин, анализдердин жыйынтыгында боор оорусу күчөп кеткени белгилүү болгонун кабарлады.

Анын айтымында, атайын дарыгер да, №1 тергөө абагынын дарыгери да абалы оор экенин тастыктап, ооруканадан дарылануу зарылдыгын билдирген.

Жээнбеков абалына байланыштуу башкы прокурорго, юстиция министрине, Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборго жана жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылуу жасаган.

«Жазаларды аткаруу кызматынын башчысына кайрылдым, бирок төрага менен абактын башкы дарыгери квалификациялык дарылануудан өтүү тууралуу өтүнүчүмдү четке кагып жатат. Мен муну кызматтык укуктан аша чабуу деп эсептейм. Сиздерден саламаттыгымды текшерүү үчүн эркин дарыгерлерден турган консилиум түзүүнү жана дарыланышыма көмөктөшүүңүздөрдү өтүнөм», — деп жазылган Жээнбековдун кайрылуусунда.

Кемпир-Абадга байланыштуу кармалган саясатчы, активист жана блогерлер былтыркы жылдын 23-октябрынан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында отурат. Алар шаардык соттун чечими менен февраль айына чейин камакта калтырылган.