Марал Радиосу

Маданият министри фонограммага тыюу салган буйрук чыгарды

Бүгүн, 1-январдан тарта фонограмма менен ырдоого тыюу салынат. Тиешелүү буйрукка маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов өткөн жылдын 30-декабрында кол койгонун тиешелүү тараптар кабарлашты.

«Министрликке караштуу бардык мамлекеттик маданият жана билим берүү мекемелеринде (театр, оюн-зоок мекемелери, спорттук мекемелер, филармониялар, концерттик залдар, кинозалдар, клуб, музей, китепканалар) концерттик программаларда, маданий иш-чараларда, өздүк же ижаралык көрүнүштөргө карабастан, вокалдык аткаруучулук өнөр 2023-жылдын 1-январынан тартып жандуу үн менен аткарылсын», — деп жазылган буйрукта.

Министр ошондой эле жоопкерчилик ар бир мекеменин жетекчилигине жүктөлөрүн билдирип, буйруктун аткарылышын өзү көзөмөлдөй турганын эскерткен.

Айта кетсек, 2012-жылы Жогорку Кеңеш фонограммага тыюу салган мыйзам кабыл алып, ага ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Анын негизинде ошол кездеги маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев атайын буйрук чыгарган.