Марал Радиосу

Мамкызматкерлердин бирдиктүү салык декларациясынын формасы бекитилди

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган, же ээлеген жеке жактын бирдиктүү салык декларациясынын формасы бекитилди. Тиешелүү чечим министрлер кабинетинин жыйынында Салык кодексинин 107-беренесин ишке ашыруу максатында кабыл алынган.

Ага ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин бирдиктүү салык декларациясынын формасы бекитилди (FORM STI-155);

-бирдиктүү салык декларациясын толтуруу жана берүү тартиби;

-кирешелеринин, чыгымдарынын, мүлкүнүн жана милдеттенмелеринин классификатору;

— жакын туугандарынын/багуусундагы адамдардын кирешелери, чыгымдары жана мүлкү жөнүндө жыйынды маалыматтардын параметрлери;

— салык декларациясында көрсөтүлгөн маалыматтарды иликтөө тартиби жана талдоо жүргүзүүнүн негиздери жөнүндө жобо;

— кызматкерлер тууралуу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалымат берүү тартиби.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирет.