Марал Радиосу

Ишкер аялдар биригүү жолунда

Кыргызстандагы 407 ишкер аял JIA бизнес ассоциациясына мүчө. Алдыдагы беш жылда алардын санын миңге жеткирүү максаты коюлган. Мына ошол ишкер аялдар жети дубандан чогулуп, JIA бизнес ассоциациясы өткөргөн форумга катышышты.

Кыргызстанда ишкер аялдар мамлекеттен үмүт кылбай эле бири-бирин колдоп, ассоциациялардын жардамы менен бизнесин өнүктүрүүгө умтулуп келишет. Ишкерлер үчүн тааныш арттыруу, ич ара байланышты бекемдөө, тажрыйба алмашуусуна шарт түзүү, маалыматка ээ болуу да маанилүү.

JIA бизнес ассоциациясынын аймактык кеңешинин мүчөсү Гүлнара Сатыбалдиева:

«Дүйнөдө да Кыргызстанда да аялдардын ишкердик кылуусу ары татаал, ары түйшүктүү кесип. Бирок ага карабай, бул кесипти талыкпай аркалап, мамлекетке да, коомго да, үй-бүлөбүзгө да салым кошуп, жумуш орундарын түзүп келебиз. Ишкер аял – жумуштун көптүгүнө карабай, өзүн да ар тараптуу өнүктүрүп турушу шарт. Нетворкинг – ишкердиктин ажырагыс бөлүгү болушу керек.

Бул багытта JIAнын айымдар клубу менен тыгыз иштешүүгө чакырам. Биз сан эле эмес, сапат жагынан да мыкты болуу үчүн биригишибиз керек. Биз бириккен жерде гана өнүгүү жаралат».

Аялдар мамлекеттин колдоосун сезе элек

JIA бизнес ассоциациясынын аялдар клубу 2014-жылы 10-15 айым менен түзүлгөн. Учурда биримдиктин мүмкүнчүлүктөрүн максаттуу колдонгон аялдардын саны өсүүдө.

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, аял ишкерлер эркектерге караганда 15% көбүрөөк киреше табат, чыгымы азыраак болот, алардын 80% “жашыл технологияларга” көбүрөөк басым жасайт. Кирешеге караганда туруктуулукка көбүрөөк көңүл бурушат.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда ишкерлердин 30% аялдар түзөт.

Республика ичинде 121 миңден ашык аял бизнес тармагында иштейт. Эң көп пайыздык көрсөткүч Бишкек шаарына туура келет. Бирок ишкер аялдарга мамлекет тарабынан канчалык колдоо болуп жатканы башка кеп.

Ишкер, «SAPSAN» билим берүү борборунун «OSOO Alpha Genius» компаниясынын ээси Шарбат Бекмаганбетова аялдардын бири-бирин колдоосу маанилүү деп ойлойт. Себеби аялдар үчүн ишкердик кылуу оор жумуш. Мамлекеттин мүмкүнчүлүгү көп болгон үчүн аялдарга да көңүл бурса деген тилекте.

«Менин оюм боюнча, бүгүнкү күндө ишкер айымдар мамлекеттин жетиштүү колдоосун көрө элек. Дагы жакшыраак көңүл бурулса жакшы болмок. Ар кандай программалар болсун, же жеңилдетилген насыя болсун. Анткени аялдар азыр өз алдынча аракет кылып келишет. Албетте, ЖИА сыяктуу ассоциациялар жардам берет, бирок мамлекеттин да тийиштүү деңгээлде салымы болсо».

Мамлекет ишкер аялдарды колдоо боюнча быйыл гана 2022-2026-жылдарга эсептелген программа иштеп чыкты. Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына караганда, программанын алкагында ишкер аялдар 300 миң сомго чейинки насыяны 6% жеңилдетилген үстөк менен ала алышат.

Аял жетекчи эркекке караганда көп ийгиликке жете алат

Аялдар арасында “бизди коом же эркектер олуттуу кабыл албайт, менин колумдан келбейт” деген сыяктуу түшүнүктөр калыптанып калган. Бирок ишкер аялдарга колдоо көрсөткөн адистер мындай түшүнүктү жоюу керектигин жана өзүнө ишенимди арттыруу зарылдыгын айтышат.

Аял киши айрым учурда эмоцияга да көбүрөөк берилет. Мунун жакшы да жактары бар, себеби эмпатия куруу сезими жогору болот.

Аял жетекчи, эркек жетекчиге караганда көп ийгиликке жеткенге мүмкүнчүлүгү бар. Эмненин эсебинен?

Аял жетекчи – майда нерселерди да байкап, маани берет. Кол алдында иштеген кызматкерлеринин маанайын сезип турат. Бул команданын ийгиликке жетүүсүндө маанилүү фактор болуп эсептелет.

Аялдардын ишкердигин эмне үчүн колдоо керек?

Негизинен Кыргызстан эгемендик алган жылдары муктаждыктан улам болсо соода тармагын да аялдар түптөгөнүн  JIA бизнес ассоциациясынын аткаруучу директору Аззамбек Жээнбай уулу айтат.

«Базарларга биринчи аялдар чыккан, миграцияга кеткендер да аялдар, соода тармагын биринчи аялдар түзгөн. Ошол эле «Дордой», «Кара-Суу» жана башка базарларды соода кылгандардын басымдуу бөлүгү аялдар. Бирок, ал учурда муктаждыктын айынан соода кылган. Билим, багыт берилген эмес болсо, азыр биз ассоциация катары аялдарды окутуп, бизнес багытын көрсөтүп, ишкердигин калыпка келтирүү керек. Эмнеге?

Биринчиден, аял ишкерлер эркектерге салыштырмалуу тапканын үйгө ташыйт экен. Экинчиден, кирешесин жалаң социалдык муктаждыктарга жумшайт. Мисалы, баласынын ден соолугуна, окуусуна жана башка.

Мындан тышкары, банктардын статистикасына карасак, насыя алган ишкерлердин арасынан аялдар туруктуу, өз убагында төлөйт экен. Эркектерге салыштырмалуу бираз жоопкерчиликтүү келет экен.

Ошол эле учурда, аялдар үй-бүлөсүнө да карап, тиричилигин да, бизнесин да жасашы керек. Башкача айтканда, аялдарга эки эсе жүк түшөт. Ошондуктан биз аларды колдошубуз керек, материалдык жактан болбосо да моралдык жактан колдоо керек.

Бактылуу эне — бактылуу үй-бүлө. Билимдүү эне – билимдүү муун

Аялдардын ишкердиги өлкө экономикасына гана салым кошпостон, жалпы өнүгүүсүнө таасир этет. Себеби аял өзүнө окшош башка аялга жумуш ордун түзүп, социалдык муктаждыктарды жоюуга аракеттенет. Аял билимдүү болгондо гана ошондой муунду тарбиялай алат. Ошол себептен «Кыргыз лифт ассоциациясы» коомдук бирикмесинин жетекчиси Рахат Жунушбаева айымдарды өзүн-өзү өстүрүүгө чакырат.

«Айымдар өздөрүн өнүктүрүп, билимин жогорулатып туруусу керек. Ошондо гана келечек муундун билимдүү болуусуна салым кошуп жатабыз десек болот.  

“Аял үйдө отурушу, баланы эле багышы керек” деген стеоротиптен да алыс болууну сунуштайт элем. Албетте, үйдүн түйшүгү да көп, бирок кыялыңардан эч баш тартпагыла. Жылдан жылга билим алууну улантуу, билимиңерге инвестиция кылууну токтотпогула. Коомдогу “сенин колуңдан келмек беле” деген сөзгө багынбаш керек.

19-ноябрда дүйнөдө ишкер аялдардын күнү белгиленет. Бул күн 2014-жылы БУУнун колдоосу менен бекитилип, ишкер аялдардын көйгөйлөрүн чечүүгө күч-аракеттерди бириктирүү үчүн дүйнөнүн 114 өлкөсүндө белгиленип келатат.

Интернеттеги маалыматтарга таянсак, аял ишкерлер эң тез өнүгүп келе жаткан бизнес адамы болуп саналат. Көптөгөн өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө аялдар эркектерге караганда бизнести тезирээк баштап, жумуш орундарын түзүүгө жана экономикалык өсүшкө олуттуу салым кошуп жатышат. Аялдар туруктуулукка басым жасаган бизнести башташат.

BIF-2022: Борбор Азиядагы инвестицияны өнүктүрүү аракети

Кыргызстандын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча, ишкердик менен алектенген аялдар күйөөсүнөн, балдарынан, жакындарынан керектүү колдоону ала алышпайт. Аялдар бизнести жүргүзүүгө убакыттын жоктугунан (24%), ошондой эле үй-бүлөгө жана балдарга кам көрүү муктаждыгынан (14%) бизнесин жабууга мажбур болушат, бул эркектерге караганда 1,7 эсе көп.

Exit mobile version