Марал Радиосу

BIF-2022: Борбор Азиядагы инвестицияны өнүктүрүү аракети

Борбор Азиядагы ишкерлердин башын бириктирген эң ири Бишкек инвестициялык форумуна бул жолу 10 өлкөдөн бизнес-делегациялар келди, 1500 ишкер катышты.

JIA бизнес-ассоциациясы бул форумду бешинчи ирет уюштуруп жатат. Бул жылдар аралыгында жүздөгөн бизнес-долбоорлор үчүн дээрлик 13 миллион АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция тартууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

JIA бизнес-ассоциациясынын башкаруу кеңешинин төрагасы Жоодар Омошев 2015-жылдан бери BIFтин алкагында миңден ашуун инвестициялык долбоорлор сунушталганын, анын ичинен 40тан ашыгы форум аяктагандан кийин дароо түз инвестиция алышканын айтты.

Жоодар Омошев азыркы тапта Борбор Азия ишкерлерин бир аянтчада чогултуу өтө маанилүү деген ойдо.

«Дүйнөдө болуп жаткан окуялардан улам Борбор Азия өлкөлөрүнүн ишкердик байланышын бекемдөө маанилүү болуп турат. Ошол себептен биз бүгүнкү форумга Казакстан менен Өзбекстандан ишкерлерди чакырдык. Алар менен баарлашып, дүйнөлүк экономикада алдын ала кандай божомолдор болушу мүмкүн, кайсы багытта иш алып баруу маанилүү деген темаларда өз ара ой бөлүшүү, дискуссия уюштурууну максат кылганбыз.

Негизи биз эки багытты тандадык, биринчиси региондордон келген ишкерлер менен чет жактан келген ишкерлерди табыштырып, баарлаштырууга мүмкүнчүлүк түзүү. Ошондой эле бул форумга келген ар бир ишкер өзүнүн өндүрүшүн, кызматтарын элге тааныта билүүсү, инвестиция табуусуна шарт түзүлөт.

Экинчиси, биз ЖИА бизнес-ассоциациясы бир гана тармак менен чектелбейбиз, бардык тармактар боюнча иш алып барабыз, жалпысынан Орто Азия ортосундагы сооданы өнүктүрүүгө басым жасалат. Жогоруда айткандай, Казактан, Өзбекстандан белгилүү ишкерлер келди.

Бизнес ар дайым өз жолун таап кетет, бирок аларга багыт берүү керек. Ишкерлер багыт издеп убакыт коротпошу керек. Бишкек инвестициялык форуму сыяктуу аянтчаларда да «кайсы багытта иштеш керек?» деген суроого ыкчам жооп берилиши зарыл. Биздин максатыбыз да ошол.

Ар бир форумдан кийин сөзсүз өзүнө өнөктөш, инвестор тапкан кишилер болуп жатат. Эч жок дегенде ушул жерге келип, кайсы компания кандай өндүрүшүн сунуштап жатат, тренд эмнеде болуп жатканын көрүп кетсе да ишкер үчүн пайда. Айрыкча аймактардан келген ишкерлер мындай аянтчаларда бири-бири менен таанышып, тажрыйба алмашуусу да бизнесинин өнүгүүсүнүн биринчи кадамы» , — деди ишкер.

Бизнестин өкүлдөрү эки жылда бир чогулуп, Кыргызстандын ичиндеги ишкердик алаканы бекемдөө жана долбоорлорго инвестиция тартууну көздөшөт. Башында 300-500 ишкер катышкан болсо, азыр алардын саны 2 миңге жакындады.

Инвестицияны дайым сырттан күтө бербей, ички потенциалдуу инвесторлорду да тартса болору БИФтин алкагында далилденүүдө.

Ишкерлер муну менен чектелбей, кызматташуунун масштабын кеңейтип, коңшу мамлекеттердин бизнеси менен да алакасын бекемдөөгө өтүштү. Бишкек инвестициялык форумунун бул жылдагы негизгиси темасы да Борбор Азиядагы бизнестердин интеграциясына багытталды.

Сүт өндүрүүчүлөр бирикмесинин төрагасы Темирбек Ажыкулов, бизнестин негизги агымын Орусияга гана бура бербей, Казакстандын жана Борбордук Азиянын башка өлкөлөрүнүн рынокторун пайдалануу керек деген ойдо. Бул өлкөлөрдүн бизнесмендери өнүгүү үчүн биригиши керек.

«Акыркы бир жарым, эки жылда көп нерсе өзгөрдү. Кытайдын чек арасы дээрлик жабылды. Ошондуктан биз азыр ички регионду карашыбыз керек, бизнес эмне кыла алат деген ойдобуз. Мисалы, Өзбекстанда эле 30 миллиондой калкы бар, Түркмөнстан менен да ишкердик мамилени кароо керек. Мен жайы бою ассоциациялар менен бирге коңшу өлкөлөргө каттадым. Жалпысынан иштешүүгө каалоо-тилек бар, баары эле макул деп жатышат. Албетте көп нерсе мамлекеттерден көз каранды. Бирок бираз жылыш бар десек болот. Себеби быйыл жайында Ысык-Көлдө чоң форум өттү, анда да Борбор Азия өлкөлөрүндөгү биримдик темасы көтөрүлгөн. Бул да жакшы жышаан деп ойлойм».

Ишкерлер коңшу өлкөлөргө чыгышы үчүн учурда кандай тоскоолдуктар бар?

Эң биринчиден бизнес өкүлдөрү чек аралардан товар өткөрүү дагы деле оор экенин айтышат. Андан тышкары, мыйзамдарда айырмачылыктар бар, бул да процессти жайлатып жатат. Бизнести өнүктүрүү үчүн өз ара эле эмес, мамлекеттик органдар менен да иштешүү керек.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Кыргызстанда ишкерлерди колдоо жагынан мамлекет олуттуу аракеттерди көрүп жатканына ишендирди.

«Алдын ала маалыматтар боюнча, тике чет өлкөлүк инвестициялардын агылып келүүсүнүн көлөмү оң динамикага ээ болуп, 628 млн АКШ долларын түзөт. Тике чет өлкөлүк инвестициялардын негизги көлөмү геологиялык чалгындоо, кайра иштетүү, тоо-кен, дүң жана чекене соода, маалымат жана байланыш, ошондой эле финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу ишканаларына багытталган. Үстүбүздөгү жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча ИДПнын көлөмү 597 млрд сомду түзүп, былтыркы жылдын январь-сентябрь айларына салыштырмалуу 7,2%га өстү».

Өкмөт ишкерлерди колдоо максатында Бишкек шаарында тейлөө борборун ачканын, 2022-2026-жылдарга аялдар ишкерлигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча программа бекитилгенин, креативдүү экономиканы өнүктүрүү концепциясы бекитилгенин мисал келтирүүдө.

Мындан тышкары, Баткен облусунда атайын салык режимин, өзгөчө инвестициялык режимди жана өзгөчө макам берилгенин айтып келет.

Баткенден келген ишкер Анара Тажиева мындай жеңилдиктердин пайдасын көрө элек.

«Биз эч кандай жеңилдиктерди сезе элекпиз. Мен салыкты дайыма төлөп келем, быйыл да төлөдүм. Өкмөт айтып жаткан жеңилдиктерди биз уга элекпиз» , — деди ал.

Анара Тажиева Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынан келген. Ал чакан ишкана ачып, өзүнүн кыздары менен эле иш баштаган. Алар автоунаалардын отургучтарына чехол тигишет. Өзү 2007-жылы Орусияда иштеп жүрүп, авточехол тигүүнү үйрөнүп келген. Андан бери өнөрүн өркүндөтүп, бизнеске айлантты. Учурда кол алдында иштеген төрт жумушчусу бар. Өндүрүшкө талап көбөйгөн үчүн инвестордун колдоосу керек болуп жатат.

Анара айым сыяктуу инвестиция издеген ишкерлер өлкөнүн ар бир аймагында бар. Ошондуктан экономист Элдар Абакиров ишкерлер үчүн мындай форумдардын пайдасы чоң экенин айтат.

«Мисалы АКШда биржа бар, биржа — инвесторлорго, ишкерлерге кепилдик берип, идеясы, инвестициясы корголот. А бизде ишкер менен инвестор ортосунда да, ишкер менен мамлекеттин ортосунда да ишеним жок. Идеяң корголбойт. Мына ушундай учурда BIF сыяктуу форумдар, ишенимди бекемдөөчү аянтча болуп берет. Бул форумдар өнүгүп отуруп, биржа системасына өтүшү керек.

Казакстанда мамлекетте капитал бар. А Кыргызстанда чоң капитал жок, бирок 30 жылдык эркин экономикада ишти уюштурууну мыкты өздөштүрдүк. Өзбекстан болсо эки тарабынан да күчтүү, мамлекетте акча да бар, иш да, керектөөчү да көп. Мына ушунун баарын бириктирип, ортодогу тоскоолдуктар жоюлса, Борбор Азиядагы ишкерлер чоң экономикалык күч боло алат».

Бишкек инвестициялык форумунун жүрүшүндө казакстандык ишкер, эл аралык Kusto компаниялар тобунун жетекчиси Мурат Утемисов, кыргызстандык ишкерлердин потенциалын жогору баалады. Ал Казакстанда иш жүргүзүп жаткан кыргызстандык жаш ишкерлер көп экендигин белгиледи.

Мурат Утемисов Кыргызстандагы жарандык коомдун өнүгүүсүн да жогору баалап, эл бийликтин аракетин көзөмөлдөп турганы жакшы көрүнүш деди. Айрыкча жарандык коомдун өнүгүүсү жагынан Кыргызстан коңшу өлкөлөргө караганда бир топ алдыга кеткенин, бул экономика үчүн маанилүү экенин белгиледи.

Ошондой эле, Борбор Азия мамлекеттери дүйнөдөгү чакырыктарга даяр туруу үчүн да биримдикте болушу керек деген ойдо.

«Кыргызстандык ишкерлер өтө аракетчил жана креативдүү. Алардын потенциалын бир гана регионго эмес, Азия жана дүйнөгө алып чыгуу керек. Азыр Кыргызстандын жаш мууну 20-30 жаштагы 1 миллиондон ашык жараны чет өлкөдө жүрөт. Бул бир чети жакшы көрүнүш. Анткени алар чет өлкөнүн тажрыйбасын топтоп, үйрөнүп жатышат. Аң-сезим өзгөрөт. Мунун баарынын өлкөнүн өнүгүүсүнө таасири тиет. Ушул муун 40-50 жашка чыкканда өз өлкөсүнө кайтып келип иштей баштаса, чоң экономикалык секирик болушу мүмкүн. Айрыкча экономикалык жактан Казакстан, Өзбекстандан да өтүп кетет деп айта алам.

Борбор Азия өлкөлөрүндөй бири-бирине жакын өлкөлөр башка жакта жок. Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Түркмөнстан мунун баарын «Бирликстан» деп койсок да болот. Баарыбыз түрк тектүүбүз. Дүйнөдөгү чакырыктарга даяр туруу үчүн да бирдиктүү уюмдарыбыз болушу керек. Биримдик болгон жерде, тирилик болот».

Бишкек инвестициялык форумуна катышуу үчүн Бангладештен да инвесторлор келген. Анын бири Шажжад Али Хан. Аны Кыргызстандын тигүү тармагы кызыктырат. Өзү Бангладеште текстиль тармагында иш алып барат.

«Бангладеш жеңил өнөр-жай тармагы боюнча дүйнөдө 2-орунда турат. Биздин өлкөдө 85 млн калк текстиль тармагында иштейт. Биз Бишкек, Кыргызстан тууралуу мындан үч ай мурда эле уктук. Бизди Кыргызстандын тигүү тармагы өзүнө кызыктырып жатат. Анткени бул өлкө тигүү тармагы боюнча Борбор Азияда потенциалы өтө чоң экен. Мындан улам биз Кыргызстандан өнөктөш таап, жеңил өнөр-жай тармагында иш алып барсак деген ниеттебиз», — деп билдирди Бангладеш өлкөсүнөн келген ишкер.

Инвестициялык форумга Германиянын Кыргызстандагы элчиси Габриэла Геллил да катышты. Ал Германия өлкөсү инвесторлорго шарт түзүүгө кызыкдар экенин айтты. Анткени Кыргызстанды өнөктөштүк үчүн ачык, активдүү жана мобилдүү адамдардын өлкөсү деп эсептейт.

«Мен JIAга бүгүнкү чакыруу үчүн эле эмес, мамлекеттерибиздин ортосундагы ишенимге негизделген кызматташтыкты чыңдоо ниети үчүн да ыраазычылык билдирем. BIF – өлкөлөр ортосундагы диалог жана ишкерлер үчүн да, инвестициялык сектордун өкүлдөрү үчүн да чоң мүмкүнчүлүк боло алат. Биз инвесторлорго шарт түзүүгө кызыкдарбыз. Анткени Кыргызстан жаратылыш ресурстары боюнча потенциалы абдан чоң өлкө. Бирок жеке мени адам ресурстары көбүрөөк таң калтырат. Кыргызстанды  өнөктөштүк үчүн ачык өлкө деп билем».

Бишкек инвестициялык форуму Борбор Азиядагы азык-түлүк коопсуздугу жана эл аралык соода темасын камтыган пленардык жыйын менен улантылды. Анда айтылган маанилүү темалар:

  • Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздук системасын колдоо позициясы начар деп айтууга болот. Бул багытта Казакстанда системаларды жакшыртуу үчүн насыялардын пайызы төмөн, ал эми Орусияда ишкердикти өнүктүрүү үчүн акысыз жер берилет.
  • Ошол эле учурда Кыргызстан өзүн чийки зат менен 75% камсыз кылган Борбор Азиядагы жалгыз өлкө. Чийки заттын эң ири булагын суу түзөт.
  • Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда эч кандай экономикалык чек ара болбошу керек. Ал үчүн ар бир өлкөнүн күчтүү жактарын аныктоо, транспорттук логистиканы жөнгө салуу, төрт өлкөнүн соода министрликтерин туруктуу диалогго бириктирүү маанилүү.
  • Товардык алмашуунун башка стандарттарын, башкача айтканда, «товар-акчаны» эмес, «товар-товарды» же «сырьё-товарды» тандап алуу менен акча алмашуунун альтернативасын иштеп чыгуу толук реалдуу.

Ишкерлер BIFке удаа 11-ноябрда Борбор Азиядагы жашыл экономиканы өнүктүрүүгө арналган «Жашыл экономика – 2022» аймактык форумун да өткөрөт. Анда спикерлердин кеңештери, пленардык талкуу, көргөзмө, аял ишкерлердин бизнеси, 20дан ашуун инвестициялык долбоорлор, мастер-класстар өтөт.

Exit mobile version