Марал Радиосу

Катар-2022: Сауд Арабия жеңишин майрамдоо үчүн дем алыш күн жарыялады

Катарда өтүп жаткан дүйнө чемпиондугунун тайпалык баскычында Сауд Арабия курама командасы Аргентинаны жеңгени үчүн майрамдашат.

Бул тууралуу Сауд Арабиянын маалымат булактары жазды.

Өлкөнүн падышасы Салман ибн Абдул-Азиз Ал Сауд күйөрмандар улуттук курама команданын жеңишин майрамдоо үчүн  23-ноябрь, шаршемби күндү жумуш күнү эмес деп жарыялады.

Улуттук курама үчүн аргентиналыктарды жеңүү дүйнөлүк чемпионаттардагы көрсөткүчтөрдүн тарыхындагы төртүнчүсү болду.

Ага чейин команда 1994-жылы Мароккону (2:1) жана Бельгияны (1:0), 2018-жылы Египетти (2:1) жеңген.

Белгилей кетсек,  22-ноябрда Катарда өткөн дүйнө чемпиондугунун тайпалык баскычында  Сауд Арабия  2:1  эсебинде  Аргентинаны утуп алган.

 

Месси: «Биз баары ушундай башталат деп күткөн эмеспиз»