Айнура Абалиева Дары-дармек жана медициналык каражаттар департаментинин жаңы директору болуп дайындалды. Аны эмгек жамаатына президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти Жыпариса Рыспекова тааныштырды.
21-ноябрда департаментин буга чейинки жетекчиси Нурдин Кагаздиев иштен алынганы белгилүү болгон. Ал 2021-жылдын октябрында Дары-дармек жана медициналык каражаттар департаментинин директору болгон.