Марал Радиосу

Теңгиз Бөлтүрүктүн жубайы президентке кайрылды

Кумтөрдөгү коррупцияга байланыштуу кармалган «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингинин башчысы Тенгиз Бөлтүрүктүн жубайы Ильмира Алпысбаева президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду. Ал өз кайрылуусун Тенгиз Бөлтүрүктүн Фейсбук баракчасынан жарыялады.

Ильмира Алпысбаева өз кайырлуусунда  президенттен Теңгиз Бөлтүрүктү үй камагына чыгарууга жардам берүүнү суранган. Анын айтымында, Теңгиз Бөлтүрүктүн ден соолугунун абалы оор.

«Урматтуу Садыр Нургожоевич, жолдошумда үй камагына чыгарууга жардам берүүңүздөрдү суранам. Анын ден соолугунун абалы оор. Аны мындай абалда кармоого болбойт. Мен аны жоготуп алуудан корком. Мен ал үчүн жанымды берүүгө даярмын, бирок анын өмүрүн сактап калууга жардам бериңиз. Ал тергөө менен кызматташууга даяр. Качып кетүү жөнүндө бир дагы оюу болгон эмес. Ал катуу кансырап жатат, жүрөгү ооруйт жана кан басымы бар. Ал жүрөк оорусун бизден жашырып келген. Болгону жолдошумдун өмүрүн сактап калууну каалайбыз» , — деп жазылат кайрылуусунда.

Бишкектин Октябрь райондук соту 15-сентябрда Тенгиз Бөлтүрүктүн баш коргоо чарасын карап, 10-ноябрга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Тенгиз Бөлтүрүк Кумтөрдөгү коррупцияга байланыштуу кармалган. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Кумтөрдөгү коррупциялык схеманын натыйжасында мамлекетке 1 млрд сомго жакын зыян келтирилген.

Быйыл 24-августта «Кумтөрдү» буга чейин жетектеп келген Теңгиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов ээлеген кызматтарынан четтетилген.

2021-жылы май айында Кыргызстан алтын кенге сырткы башкарууну киргизип, кенди өзүнө өткөрүп алуу аракеттерин баштаган. Анын башына Теңгиз Бөлтүрүк келген.