Марал Радиосу

Садыр Жапаров «Кумтөр» боюнча айтылгандарга жооп берди

Президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине «Кумтөрдүн» айланасындагы акыркы окуяларга байланыштуу маек курду.

Ал «Жапаровдор алтын уурдап жатат» деп жалаа жабылып жатканын, ошол себептен депутаттардан турган комиссия түзүүнү өзү демилгелегенин, анын төрагалыгына депутат Адахан Мадумаровду шайлоону сунуштаганын айтты.

«Канча алтын казылыптыр, кайда сатылыптыр, канчасы Улуттук банкта сакталуу экен, уурдалыптырбы же уурдалбаптырбы – баарын айтып беришсин. Кыргызстандын тарыхында чогулбаган көлөмдөгү алтын бүгүнкү күндө чогулуп, Улуттук банкта сакталып турат. Өз көздөрү менен көрүп келишсин» , — дейт Жапаров.

Садыр Жапаров «Кумтөрдү» кайтарып алган күнү эле жумушка киргизип коюуну өтүнгөндөр болгонун белгиледи. Бирок ал бир дагы тууганын жакын жолотпогонун, Теңгиз Бөлтүрүккө толук укук берилгенин айтты.

«Ошондон баштап эле “таза иштеп атам” деп, бизди ынандырып келген. Биз болсо «Кумтөр» Кыргызстанга толук өткөнгө чейин ызы-чуу кылбай туралы деп текшерүү жибербей турдук. Анан «Кумтөр» Кыргызстандын энчисине толук өтөрү менен Эсеп палатасын жибердим, 3 ай текшерип келишти. Сатып алууларда коррупциялык элементтер аныкталды. Жыйынтыгында Теңгиз мырза жана башка тиешеси бар жетекчилер камалды. Азыр тергөө жүрүп жатат.

Биз элден эч нерсе жашырбайбыз. Балким Эсеп палатасы же мамлекеттик органдар көрбөй-билбей калган кемчиликтери болсо депутаттык комиссия билип келеттир. Андан мамлекетке эч кандай зыяны жок, пайда гана болот, кемчиликтери болсо, оңдоп алабыз» , — деди Жапаров.

Шаардык сот Тенгиз Бөлтүрүктү камакта калтырды

Жогорку Кеңештин 28-сентябрдагы отурумунда «Кумтөр Голд Компани» ишканасындагы алтындын сатылышын, өндүрүштүн көлөмүн иликтөө жана Кыргызстандын менчигине өткөндөн берки ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча убактылуу депутаттык комиссияга депутат Исхак Масалиев төрага болгон.

Комиссиянын курамына депутаттар Марлен Маматалиев, Балбак Түлөбаев, Адахан Мадумаров, Исхак Масалиев, Жанарбек Акаев, Нилуфар Алимжанова, Надира Нарматова, Нурланбек Шакиев, Марат Мураталиев, Улугбек Ормонов, Шайлообек Атазов, Арсланбек Малиев, Максат Сарбагышев кирген.

Президент: Алтындын каякка сатылып жатканы айтылбайт

Улуттук статистика комитетинин 2021-жыл үчүн тышкы соода боюнча берген маалыматтарында, 1,1 млрд доллардын тегерегиндеги суммага 19 тоннага жакын алтын экспорттолгону белгиленген.

Бул акча каражаты Улуттук банк тарабынан жүргүзүлгөн интервенцияга жумшалганы белгилүү болгон.