Марал Радиосу

Быйыл он айда пенсияга 46,7 млрд сом каржыланды

2022-жылдын январь-октябрь айларында пенсияга 46 млрд 722,4 млн сом каржыланды. Бул тууралуу Социалдык фонддун маалымат кызматы кабарлады.

— Бишкек шаары  — 7 млрд 552,1 млн сом,

— Чуй облусу — 7 млрд 057,4 млн сом,

— Нарын облусу — 3 млрд 693,2 млн сом,

— Иссык-Көл облусу — 4 млрд 240,3 млн сом,

— Талас облусу — 1 млрд 935,6 млн сом,

— Ош шаары — 1 млрд 672,1 млн сом,

— Ош облусу — 8 млрд 562,0 млн сом,

— Баткен облусу — 3 млрд 966,8 млн сом,

— Жалал-Абад облусу — 8 млрд 042,8 млн сом.

Пенсиялардын каржылануусу 2022-жылдын октябрь айына 5 млрд 795,3 млн сом түздү.

Пенсияга чыгуунун жол жобосу жеңилдейт 

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия 1700 сомдон 3400 сомго чейин көбөйдү.