Бишкек шаарынын Арча-Бешик жаңы конушун бойлоп өткөн Жайыл баатыр көчөсү колдонууга берилди.
Аталган көчө Чортеков көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн курулушу быйыл аяктады. Жаңы алты тилкелүү жол чыгыш-батыш багытындагы Орок айыл өкмөтү менен Бишкек шаарын байланыштырат.
Белгилей кетсек, жол айланма болуп Муромский, Б. Алыкулов көчөлөрүн, ЖЭБ-2 өтмөгүн бириктирет, бул борбор калаанын түштүк тарабында жайгашкан жолдордо тыгындарды азайтууга мүмкүндүк берет.