Марал Радиосу

ИИМ: Саясатчы, активисттердин кармалганы мыйзамдуу болгон

Кармалган саясатчы, активисттерге коюлган айыптар жана аялдардын кармалышы канчалык негиздүү экенин депутат Сүйүнбек Өмүрзаков Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин 25-октябрдагы жыйынында сурады.

Активисттер менен саясатчылардын кармалышы боюнча Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев депутаттарга маалымат берди.

«Бул кылмыш иши боюнча бүт тергөө амалдары Жазык кодексинин алкагында болуп жатат. Алардын үйүнүн тинтилиши жана кармалышынын мыйзамдуулугу прокуратура, тергөө судьясы тарабынан каралып чыгып, биздин бардык тергөө аракеттерибиз мыйзамдуу деп табылган» , — деди министрдин орун басары.

Массалык камоолор жана тинтүүлөр коомдо нааразычылык жаратты

20-октябрда ИИМдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголгон. Атайын тергөө амалдары жүргүзүлүп, анын натыйжасында 23-октябрда 22 жарандын үйүндө тинтүү жүрүп, ошол эле күнү 21 адам кармалган.

24-октябрда аларга айыптары угузулуп, Бишкектин биринчи май райондук соту тарабынан 20 киши камакка алынды, бир адам ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылды.

Министрдин орун басары тергөө уланып жатканын, жыйынтыгында бир-эки айдын ичинде дагы кененирээк маалымат берилерин айтты.

Массалык кармоолор: саясатчы, жарандык активисттердин дээрлик баары 2 айга камалды (тизме)