Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады.
17-21-октябрь күндөрү саат 09:00дөн 15:00гө чейинки аралыкта жүргүзүлүп, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай тосулуп турат. Жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилкеге гана багытталат.
Жолдо 30-40 унаа чогулуп калган учурда таштарды кулатуу иштер токтотулуп, унаалар өткөрүлүп турат.
Иш-чара унаа жолдо таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлөт.