Марал Радиосу

Нобель сыйлыгын кимдер, кандай эмгеги үчүн алды?

Нобель комитети 2022-жылдагы лауреаттардын ысымдарын 3-октябрдан 10-октябрга чейинки Нобель жумалыгынын алкагында жарыялады. Бул жылы Нобель сыйлыгын кимдер алды? Кандай эмгектери үчүн берилди?

Физиология жана медицина

Швед биологу Сванте Паабого физиология жана медицина жаатындагы Нобель сыйлыгы неандерталдыктардын генин изилдегени үчүн тапшырылды.

Ал «денисовдук адамдын» жана неандерталдыктардын айрым гендери учурдагы адамдарга кантип өткөнүн жана ал гендер биздин иммундук системабыздын инфекцияга карата рекциясын аныктаганын изилдеген. Ошондой эле ал гендер айрым элдин өтө бийик тоолуу аймакта (мисалы, Тибет тоолору) жашоосуна мүмкүнчүлүк түзүп жатканын илимде аныктаган.

Паабонун изилдөөсү «палеогеномика» деп аталган жаңы илим тартибине жол ачканы айтылууда. Швед биологу бул тема боюнча ондогон жылдар бою иштеп, ал 2010-жылы жарыялаган изилдөөсүндө неандерталдыктардын геному тууралуу жазып, анда азыркы европалыктардын же азияттардын 1-4%ынын геному неандерталдыктардан келип чыкканын айткан.

Физика

Физиктер Ален Аспект, Жон Клаузер жана Антон Цайлингер кванттык чиеленишкен жыштыктар боюнча эксперимент жасаган. Анда эки жыштык эки башка жерде турганына карабай, жадагалса, ортосунда миңдеген километр алыстык болсо да, бир бирдик катары абалда болгон. Физиктер мунун себебин көп убакыттан бери аныктай албай келген.

Америкалык  Клаузер менен француз Ален Аспе алгачкы экспериментти жасап көрүшкөн. Натыйжада чиеленишкен жыштыктар жашыруун өзгөрүүгө ээ деген божомол жокко чыгып, алар бири-бирине аралыктан да таасир этет деген жыйынтыкка келишкен.

Кийинчерээк австриялык Антон Цайлингер кванттык телепортациянын мүмкүнчүлүктөрүн демонстрациялаган. Тактап айтканда, чиеленишкен жыштыктардын кванттык абалын башкасынын абалына өзгөртүү менен оңдосо болорун тажрыйба жүзүндө көрсөткөн.

Бул ачылыш дүйнөдө кванттык компьютерлерди өндүрүү, кванттык тармактар жана кванттык сыр сөз менен криптографияларды өндүрүүнү жолго коёт.

Химия

АКШ өкүлү, химиктер Каролин Бертоцци, Бэрри Шарплесс жана Даниянын өкүлү Мортен Мелдал молекулярдык, клик химия жаатындагы эмгектери жана молекулаларды ыкчам жасоо инструменттерин тапканы үчүн Нобель сыйлыгын алды.

Бул ачылыш молекулаларды ыкчам жасоо менен жаңы дарыларды иштеп чыгууда, анын ичинен рак илдетине каршы дары-дармек өндүрүүдө көмөкчү болот.

Ал эми Каролин Бертоцци кесиптештеринен алдыга кетип, клик-химияны тирүү организмде колдоно баштады.

Лауреаттардын бири Барри Шарплесс Нобель сыйлыгын экинчи ирет алууда. Ал 2001-жылы «Кычкылдануунун стереоселективдик реакциясы» аттуу эмгеги үчүн сыйлыкка татыган. Натыйжада америкалык биолог Нобель сыйлыгын экинчи ирет алган бешинчи адам болду.

Адабият

Француз жазуучусу Анни Эрно элетте туулуп-өскөн. Анын чөйрөсүн көп учурда өтө жакыр, бирок саясат, өзүнүн укуктары тууралуу көбүрөөк талкуулагандар курчап турган. Жазуучу болгондон кийин ал так ушул катмарды жана өлкөдөгү социалдык теңсиздикти изилдей баштаган.

Эрнонун китептери адабият, социология жана тарыхтын кесилишкен сызыгында турат десе да болот. Анын эң белгилүү чыгармасы «Окуя» автофикшни болуп саналат. Анда жазуучу 23 жашында мыйзамсыз жасаган аборту тууралуу баяндайт.

Нобель сыйлыгын тапшыруучу комитеттин маалыматында, жазуучу Анни Эрно ар кайсы жыныстагы, ар кайсы тилде сүйлөгөн жана ар кайсы катмарда жашаган адамдардын жашоосундагы айырмачылыктарды ар тараптуу изилдеген. «Анын чыгармалары эч талашсыз өтө жөнөкөй, таза тил менен жазылган. Ал өтө каармандык менен жана клиникалык тактыкты негизинде социалдык катмардын агониясын баяндаган», — деп айтылат маалыматта.

Тынчтык сыйлыгы

2022-жылдагы Нобель Тынчтык сыйлыгы беларусь укук коргоочусу Алес Беляцкиге, Орусиянын «Мемориал» бейөкмөт уюмуна, Украинадагы «Жарандык эркиндик» борборуна өз өлкөлөрүндөгү адам укуктарын коргоодогу эмгеги үчүн берилди.

Норвегия Нобель комитетинен берген маалыматында коңшу өлкөлөр Беларусь, Орусия жана Украинада адам укуктары, демократия жана тынчтык ичинде жанаша жашоо үчүн күрөшкөндөргө сыйлык берүүнү кааланганы баса белгиленди. Комитет Беларусь бийлигин учурда абакта жаткан беларусь укук коргоочусу Алес Беляцкийди эркиндикке чыгарууга чакырып өттү.

«Алар бир канча жылдар бою бийликти сындап, негизги жарандык адам укугу үчүн күрөшүп келишти. Алар аскердик кылмыштарды документтештирүүдө, бийликти узурпациялоо жана адам укугун бузууларды аныктоодо эбегейсиз натыйжага жетишти. Мунун баары тынчтык жана демократия үчүн жарандык коомдун канчалык маанилүү экенин көрсөтүп турат», — деп айтылат маалыматта.

Экономика

Экономика жаатындагы Нобель сыйлыгы АКШнын Федералдык резервдер системасынын мурдагы башчысы Бен Бернанкеге, экономисттер Дуглас Даймондго жана Филип Дибвигге банктарды жана каржылык кризисти изилдегени үчүн берилди.

Комитеттин баяндамасында: «Кризис маалында банктардын кыйрап калуусунун алдын алуу өлкөлөрдүн экономикасы үчүн абдан маанилүү экени алардын эмгегинде далилденди», — деп айтылат.

Бен Бернанке АКШдагы 2007-жылкы кризис учурунда Федералдык резервдер системасын жетектеп турган. Анын жетекчилиги учуруна 2008-жылдагы дүйнөлүк кризис да туура келген. Анын АКШны мына ушул кризистен чыгарууда өз орду бар.

Бернанкенин эмгегинде 1930-жылдары АКШда болгон «улуу депрессия» изилденип, «банкка акча салган жарандардын кризис учурунда акчасын жапырт чыгара баштоосу кризисти кайра тереңдетет» деп жазылган.

Ал эми Даймонд менен Дибвиг  банктардын кардарлары менен инвесторлордун арасындагы ортомчулугунун маанисин изилдеген.

Сыйлык тапшыруу аземи салт боюнча Стокгольмдо 10-декабрда Нобель сыйлыгынын негиздөөчүсү Альфред Нобелдин өлгөн күнүндө өтөт.

Айтматов Нобель сыйлыгын эмнеге албай калган? (Өзбек жазуучусу менен маеги)