Марал Радиосу

Казакстан кезектеги Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү үчүн арыз жазды

Кезектеги Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү үчүн Казакстан арыз жазды. Бул тууралуу Казакстан Межилисинин спикери Ерлан Кошанов Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоган менен жолугушуусунда айтты.

«Межилис төрагасы Казакстан V Көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө арыз тапшырганын, бул демилгени бардык түрк тилдүү коомчулук колдоп берерине ишене турганын айтты», — деп билдирет маалымат кызматы.

Белгилей кетсек, Казакстандын атынан Түркиянын Изник шаарында өтүп жаткан IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына Межилис төрагасы Ерлан Кошанов катышкан.

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 29-сентябрдан 2-октябрга чейин «Биримдикти жана салтты сактайбыз, келечекке карайбыз!» деген ураандын алдында өтүүдө.

Оюндарга 102 өлкөдөн 3 миңден ашык спортчу катышып жатат. Мелдештерге Кыргызстандын атынан 148 спортчу барган. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары буга чейин үч жолу Кыргызстанда өткөрүлгөн.