Марал Радиосу

Алтынбек Сулайманов: Өнүгүү болбосуна көзүм жетти

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов өз каалоосу менен кызматын тапшырды. Мындай маалыматты аталган өкүлчүлүктөн тастыкташты.

Алтынбек Сулайманов өз билдирүүсүндө жергиликтүү бийликте бүгүнкүдөй башкаруу болуп турганда элетте эч кандай өнүгүү болбосуна көзү жеткенин айткан.

«Баарыңыздарга маалым, мен дайыма өлкөбүздүн аймактык башкаруусун түп-тамырынан реформалоону сунуштап келгем. Ар дайым жергиликтүү бийликтин ишин сындап, губернаторлор, акимдер, айыл өкмөттөр толук кандуу иш жүргүзө албай жатканын да айтып келгем. «Ат баспайм деген жерин миң басат» дегендей, тагдыр буйруп өзүм губернатор болуп калдым. Жергиликтүү бийликтин ишин жон терим менен сезип, ичинен көрдүм. Жергиликтүү бийликте бүгүнкүдөй башкаруу болуп турганда, элетте эч кандай өнүгүү болбосуна көзүм жетти. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлиги олуттуу реформага муктаж. Борбордук башкарууну децентрализациялоо керек. Мен саясатчы, сөзүнө бек турган инсан катары ар бир баштаган ишимди аягына чыгарууга аракеттенип келем. Мындай жергиликтүү башкаруу системасы иштеп турганда аракеттерим текке кетерине көзүм жетти. Ошондуктан мен Ысык-Көл элинин да, өзүмдүн да убактымды кетирбей, өз каалоом менен кызматымды тапшырууну чечтим», — деп айытлат маалыматта.

Алтынбек Сулайманов Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп ушул жылдын 24-февралында дайындалган. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Алтынбек Сулайманов 1972-жылы 24-сентябрда Ноокат районунун Шаңкол айылында туулган. Үч жогорку билимдин ээси. «Бир бол» саясий партиясынын лидери. Президенттин, Жогорку Кеңештин «Ардак грамотасы», мамлекеттик «Достук» ордени, КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясынын «Ардак грамотасы» менен сыйланган. 2007-жылдан бери Жогорку Кеңештин төрт чакырылышына депутат болгон.

Султанбаев: Сулайманов айткан аймактык реформа бир заматта боло калбайт