УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ, 25-сентябрда кыргыз-тажик чек арасы боюнча кол коюлган протокол тууралуу түшүндүрмө берди. Анын пикирин президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков жарыялады.
Ташиев төрт заставанын алынышы жергиликтүү элдин макулдугу менен болгонун билдирген.
«Аларды эки тарап алуусуна буга чейин улам-улам кайталанып келген ар кыл деңгээлдеги чыр-чтактар себеп болду. Анткени бул заставалар эки тараптан тең бетме-бет турчу. Алардын арасында ортосундагы аралык 50 метрди түзгөнү бар. Аскерлер бири-бири менен бир аз айтыша кетсе эле атышып жатып калышат. Анан «сен биринчи баштадың, жок, сен биринчи ок чыгардың» деп бири-бирибизди күнөөлөп жатып калабыз. Башкача айтканда. Эки тараптын заставларынын өтө жакын жайгашуусу кырдаалдын курчушуна себеп болуп келген.
Эми алардын алынышы менен эмнелер өзгөрдү?
Заставалар алынган менен чек арада бир метр ары же бери жылган жок, жылбайт дагы. 24 саат бою көзөмөлдө турат. Азыр 21-кылым. Технологиянын заманы. Спутниктен, учкучсуз учуучу аппараттан, дрондордон көрүп турабыз. Мынндан тышкары, аскерлерибиз, жергиликтүү элибиз өз коздөрү менен көрүп турат. Жергиликтүү эл ар бир сантиметр жерди билет. Андыктан “Посттор ачылды” деп элдин башын айлантпагыла. Посттор ачылган жок. Посттор качан гана чек ара тилкелерди тактап бүткөндөн кийин гана ачылат. Өлкө жетекчилигинин чечими ошондой», — деп билдирген Камчыбек Ташиев.
Ошондой эле, УКМК төрагасы элди дүрөбөлөң кылып, арам ойлорун ишке ашыргысы келгендерге кайрылып: «Кыялыңар ишке ашпайт. Биз мурдагыларга окшоп сураган жерин кармата салып, «менден кийин эмне болсо ошол болсун» деп чечип кеткенден алыспыз. Саткын эмеспиз. Санаага батпай тынч уктаңыздар. Баары жакшы болот! Бир сантиметр жерибизди бербейбиз! Чек ара маселесин чечебиз», — деп кошумчалаган.
Дайынсыз болуп жаткан аскер Дастан Анарбековдун апасы президентке кайрылды