Марал Радиосу

Дайынсыз болуп жаткан аскер Дастан Анарбековдун апасы президентке кайрылды

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам Талас облусунун Кара-Буура районунун Аманбаев айылында төрөлгөн 21 жаштагы Дастан Анарбековдун дайыны чыкпай жатат. Бул туурасында анын апасы Сауле Иманалиева «Маралга» билдирди.

Сауле Иманалиева уулун издөө иштерин жеке көзөмөлгө алуусун өтүнүп, президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылган.

«Уулум Дастан 2022-жылдын августунда Лейлек районунун «Достук» заставасына командирдин орун басары болуп жөнөтүлгөн. 17-сентябрдан бери дайыны жок. Сиздерден издөө иштерин токтотпоону суранам», — деп айтылыат кайрылуусунда.

Буга чейин Тажикстандын кол салуусунан улам Талас облусунун Кара-Буура районунун Аманбаев айылында төрөлгөн 21 жаштагы Дастан Анарбеков каза болгондугу айтылган, кийинчерээк анын белгисиз болуп жатканы айтылган.

Мындан үч ай мурун Дастан Анарбеков «Достук» чек ара заставасынын башчысынын орун басары болуп дайындалган. Ал беш бир туугандын экинчиси. Дастан Анарбеков Советтер Союзунун Баатыры, генерал-лейтенант К. Үсөнбеков атындагы аскер институтун кызыл диплом менен аяктаган. 17-сентябрда тажиктердин куралдуу кол салуусунан бери белгисиз. Мектепте окуп жүргөн кезинде эле аскер адамы болууну кыялданып келген.

Exit mobile version