Марал Радиосу

Япония туристтерге болгон чектөөлөрдү жойду

11-октябрдан баштап Японияда коронавируска байланыштуу туристтер үчүн өлкөгө кирүү чектөөлөрү жокко чыгарылууда. Бул тууралуу 22-сентябрда Нью-Йорктогу маалымат жайында премьер-министр Фумио Кисида билдирди.

Анын айтымында, эми өлкөнүн аймагына кирген туристтерге кыйла жеңил болот.

7-сентябрда Япониянын аймагына кирүүгө бир катар чектөөлөр алынган. Бирок турист өз алдынча учак билеттерин сатып алып, мейманканадан орун ээлөөгө тыюу салынган. Бул чектөөлөр 11-октябрдан тарта жокко чыгарылат.

Учурда Японияда COVID-19 жугузуп алган бейтаптардын саны азайып баратат. Өткөн жуманын ичинде адистер коронавирус менен ооруган 370 миңге жакын адамды аныкташкан. Бул көрсөткүч мурунку жумага салыштырмалуу 33 пайызга аз.