Марал Радиосу

Садыр Жапаров Атамбаевдин балдарын кабыл алганын айтты

Президент Садыр Жапаров «Кабар» мамлекеттик агенттигине маек куруп жатып, өлкөнүн мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди абактан бошотуу тууралуу суроого жооп берди.

Ал Атамбаевдин балдарын кабыл алып, сот бүтмөйүнчө бул ишке кийлигише албасын түшүндүргөнүн билдирди.

«Сот иштери бүткүчө мен кийлигише албайм. Азыр чыгарып жиберүүгө укугум да жок. Кой-Таш окуясы боюнча сот иши бүткөндөн кийин гана менин чыгарууга укугум пайда болот. Кечээ жакында Рустам балам: «Ата, Алмазбек Атамбаевдин балдарын кабыл алып коюңузчу, суранып жатышат. Биз деле Атамбаевге кире албай канча чуркаганбыз. Биз алардын катасын кайталабай эле коёлучу», — деп Атамбаевдин балдарын ээрчитип келиптир. «Аа балам, сен да менден бетер боорукер экенсиң да», — деп ичимден күлүп койдум. Балдарын кабыл алдым. Түшүндүрдүм. «Сот иштери бүтсүн, андан кийин менин укугум», — дедим. Биз мамлекет катары мыйзамдардын ар бир беренесин сыйлашыбыз керек», — деди Садыр Жапаров.

Жапаров: БУУда сүйлөгөн сөзүмдү учакта баратып жаздым