Биз менен байланышыңыз

Жапаров: БУУда сүйлөгөн сөзүмдү учакта баратып жаздым

Кыска кабар | 23 Сен 2022 | 2289 | 0

Президент Садыр Жапаров 23-сентябрда «Кабар» мамлекеттик агенттигине маек курду. Ал суроолорго жооп берип жатып, БУУда сүйлөгөн сөзүн учакта кетип баратып, өзү жазганын айтты.

Бириккен Улуттар Уюмунун трибунасында кыргыз-тажик чек арасындагы жагдай тууралуу билдирүү жасаган. Коомчулукта президенттин сүйлөгөн сөзүн ким жазганы тууралуу суроолор болгон.

«БУУда сүйлөгөн сөзүмдү өзүм жаздым. Болгондо да учакта кетип бара жатып өтө маанилүү жерлерин толуктадым. Спичрайтерлер чек ара маселесин чечүүдө же кандайдыр бир жолугушууларга мени менен бирге катышкан эмес да. Маселе кандай чечилип же чечилбей жатканынан кабарлары жок. Спичрайтерлер менен Президенттин администрациясындагы тиешелүү бөлүмдөр өлкөбүздүн ички иш-чараларда сүйлөй турган сөздөрүмдү гана алдын ала даярдашат. Бирок ошондо да баары бир көпчүлүк жерлерин өзүм оңдойм, алымча-кошумча кылам дегендей. БУУда сүйлөй турган сөзүмдүн ар бир тамгасын «жети өлчөп, бир кеспесем» болбойт эле. Себеби БУУнун жогорку трибунасы оюнчук эмес да. Анын үстүнө бул маселе жөнөкөй маселе эмес, өтө олуттуу маселе», — деди Жапаров.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында Тажикстан Кыргызстанга масштабдуу агрессия жасаганын айткан.

Тажик тарап келишимдерди бузуп, 2021-жылы 29-30-апрелде куралдуу кол салганын, быйыл 14-17-сентябрда да бул агрессиясын кайталаганын сындаган.

Садыр Жапаров Атамбаевдин балдарын кабыл алганын айтты

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM