Марал Радиосу

Израил өкмөт башчысы Палестинаны мамлекет катары таанууга даярдыгын билдирди

Израилдин өкмөт башчысы Яир Лапид БУУнун Башкы Ассамблеясындагы жарыш сөзүндө Палестинанын өлкө катары таанууга даяр экенин билдирди.

Ал коңшу эки калк ортосундагы чыр-чатактарга чек коюу үчүн Палестинаны өлкө катары таануу боюнча чечимди колдой турганын жарыялады.

«Биз болгону бир шарт коёбуз: болочоктогу Палестина өлкөсү тынчтыкка умтулган өлкө болушу керек», — деген Лапид.

«Палестиналыктар менен эки өлкө, эки эл принцибине негизделген келишим — бул Израил өлкөсүнүн коопсуздугу, экономикасы жана балдарыбыздын келечеги үчүн эң туура жол», — деп кошумчалаган.

Лапиддин БУУдагы бул сөзүн Израилдин мурунку өкмөт башчысы Бинямин Нетаняху кескин сындап чыкты.

«Лапид Израилди палестиналыктар тарабынан казылган орго карай сүйрөп барууда. Лапидге Кфар-Саба, Петах-Тиква жана Нетания чегараларында Палестина өкмөтүн түзүүсүнө жол бербешибиз керек», — деген экс-премьер-министр.